Без рубрики

Нотариустар үчүн жаңы эрежелер! Бишкекте кызматтар кантип өзгөрөт?

  

3-февралдан тарта Бишкек шаарындагы нотариустардын иштөө тартиби өзгөрүүдө!

1️⃣ Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн Бишкек шаарындагы бардык жеке нотариустарга мурастоо иштерин жүргүзүү үчүн күбөлүк берилди!

🔹Эми жарандарга мамлекеттик нотариустарга баруунун кажетти ЖОК, анткени жеке нотариустардын аракеттери 100% юридикалык күчкө ээ!

🔹Бишкек шаарынын бардык жарандары жеке нотариустардын кызматына кайрылса болот, анткени ар бир жеке нотариус бардык нотариалдык иш-аракеттерди (анын ичинде мурастоо маселелерин да) жүргүзүүгө укуктуу!

🔹Андан тышкары, нотариалдык иш-аракеттердин эң кеңири таралган категориялары боюнча бааларды ашыкча негизсиз жогорулатуу фактыларын жокко чыгаруу үчүн бардык жеке нотариустар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын чектик өлчөмдөрү аныкталган!

2️⃣ Юстиция министрлиги жеңилдетилген тарифтер менен иштей турган «социалдык жеңилдик» аталышындагы жеке нотариустарды аныктады (жана аларга ыраазычылык билдирет), бул жеке нотариустар Бишкек шаарындагы Юстиция үйүндө, Ч.Валиханов көч., 123-үйдө жайгашат.

3️⃣ Жарандардын социалдык жактан аярлуу категориялары үчүн Бишкек шаарында мамлекеттик нотариустардын чектелген саны калды!

🔹Ошол эле учурда мамлекеттик нотариустарды (жарандардын социалдык жактан аярлуу категорияларын тейлей турган) райондорго бөлүү жокко чыгарылды, эми Бишкек шаары бирдиктүү нотариалдык округ болуп калды!

🔹Ошентип, 2025-жылдын 3-февралынан тартып Бишкек шаарынын мамлекеттик нотариустары жарандардын төмөнкү категорияларына жеңилдетилген нотариалдык кызматтарды көрсөтөт:

✔️Жаш курагы боюнча пенсионерлер;
✔️I жана II топтогу майыптар;
✔️Мамлекеттик милдеттерди аткарууда же аскердик кызматты аткарууда каза болгон адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү;
✔️Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана аларга теңештирилген адамдар;
✔️Аз камсыз болгон жана жарды үй-бүлөлөрдүн жарандары;
✔️Баатыр эне наамын алган энелер.

 

 

https://www.instagram.com/p/DFCtc7MIqZj/?igsh=MWYyYmVrbXFkZ3hucw%3D%3D&img_index=1

Оставить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Онлайн запись
×